Баланы 1-класска каттай албай жатасызбы? Жооптуу адистердин телефону

Эске салсак, 11-апрелде баланы мектепке каттоо башталды. Быйыл системага кыйла өзгөртүүлөр киргизилип, программаны иштеп чыккандар ага бир катар чектөөлөрдү койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска каттоо системасы боюнча ата-энелердин түшүнбөгөн суроолоруна жооп берчү адистердин телефондорун жарыялады.
Алар:
0220022196;
0220022183;
0220022381;
0312620519.
Мындан тышкары, 119 кыска номерине чалса болот.
Бул телефондор аркылуу адистер баланы мектепке туура каттоону түшүндүрүп беришет.
Эске салсак, 11-апрелде баланы мектепке каттоо башталды. Быйыл системага кыйла өзгөртүүлөр киргизилип, программаны иштеп чыккандар ага бир катар чектөөлөрдү койгон. Маселен, сиз баланын жана өзүңүздүн документтеги маалыматты тергенден кийин "Арыз ээси баланын энеси эмес" деген жазуу чыгышы ыктымал. Бул учурда ата-эне сөзсүз калкты тейлөө кызматтарына кайрылышы керек. Мындай жазуунун чыгып калган себебин "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Асел Кененбаева түшүндүрүп берген.
Дагы бир нерсени белгилей кетсек, баланы мектепке каттоо эки этап менен өтөт. Биринчиси 11-апрелден 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталып 10-сентябрга чейин уланат. Биринчи этапта система юридикалык каттоосу мектептин айланасында болгондорду гана кабыл алат. Ал эми факт боюнча катталгандар (документинде бир жерде катталып, өзү башка аймак же шаарда жашагандар) экинчи этапты күтүшү керек. Баса, биринчи этапта ата-эне мектеп тандай албайт. Мындай мүмкүнчүлүк экинчи этапта гана берилет.
Баласын мектепке бере албай убара болгон ата-энелер көйгөйүн кантип чечет? Видео