БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 13-апрелде күндүз Талас, Ош, Баткендин айрым райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +16...+21 жана Нарын аймагында +15...+20 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, Ошто +24...+26 градуска жетет.