Эксперт Россиянын уну болбосо ачарчылыкка тушукчу өлкөлөрдү атады

Эксперт дүйнөлүк рынокто буудай экспортунун бештен бир бөлүгү Россияга туура келерин, мындай көлөмдүн ордун толтуруу азыр мүмкүн эместигин да айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россияга каршы санкциялар буудай экспортунун кескин кыскарышына алып келет. Мындан улам көп мамлекетте, адегенде Жакынкы Чыгыш менен Африкада ачарчылык коркунучу туулат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Россиянын эл достугу университетинин Дүйнөлүк экономика жана бизнес институтунун "Эл аралык экономикалык коопсуздук" программасынын доценти Хаджимурад Белхароев айтып берди.
Ал акыркы беш жылда Россия дүйнөлүк рынокту ун менен камсыздаган ири мамлекет болгонун белгилеген.
"Экспортко деген буудайдын 50 пайызы жүктөлгөн Новороссийск деңиз портуна карата санкциялар киргизилген. 2022-жылы дан мурдагыдай көлөмдө жөнөтүлөбү деген маселе бар", — деди экономист.
Агенттикке маалымат берген адам Россияга каршы чектөөлөрдөн улам дүйнөдөгү башка жүк ташуучулардын транспорт каражаттары өлкөнүн деңиз портуна кире албагандыктан РФте буудай бар болгону менен сатуу мүмкүн эместигин кошумчалады.
Адис, мындан тышкары, Россиядан чыгарылган нан Түндүк жана Тропикалык Африка, ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Евробиримдик жана КМШ мамлекеттерине жөнөтүлүп келгенин белгиледи.
Эксперт дүйнөлүк рынокто буудай экспортунун бештен бир бөлүгү Россияга туура келерин, мындай көлөмдүн ордун толтуруу азыр мүмкүн эместигин да айта кеткен.
Германиялыктарга Россиядан газ келбесе эмнеге тушугарын айтып беришти