Кыргызстан менен Россия ПВО системаларын бириктирет

Эки мамлекеттин бириктирилген аймактык аба чабуулунан коргонуу системасын түзүү боюнча макулдашуунун долбоору иштелип бүткөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россия аба чабуулунан коргонуу (ПВО) системаларын КМШнын башка мамлекеттери менен бириктирүү тууралуу келишиминен кийин эле Кыргызстан менен да мындай документке кол коёт. Долбоор учурда мамлекеттердин ички макулдашуусунан өтүүдө.
Бул тууралуу РИА Новости КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлери кеңешинин алдындагы ПВО маселеси боюнча Координациялык комитеттин төрагасынын орун басары Юрий Греховдун айтымына таянып кабарлады.
"Учурда Россия, Армения, Казакстан менен макулдашууну ишке ашыруу иштери уланууда. Россия менен Кыргызстандын бириктирилген аймактык аба чабуулунан коргонуу системасын түзүү боюнча макулдашуунун долбоору иштелип бүтүп, мамлекеттин ички макулдашуусуна жөнөтүлгөн", — деди Грехов.
Россия менен Тажикстандын ортосунда мындай макулдашуу декабрда ратификацияланган. Эки мамлекеттин аймактары эки жакта болгондуктан, макулдашуунун катышуучулары Тажикстандын аба мейкиндигинен жамааттык коопсуздуктун өзүнчө бир районун бөлүп берет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын аба мейкиндигиндеги НАТО истребители эмнеге атып түшүрүлгөн жок?