Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: Украина менен Британия чагым даярдоодо

Буга чейин Россия аскерлеринин көзөмөлүндө турган Середина-Буда шаарына Украина өкүлдөрү жана жасалма сюжет тартуу үчүн Батыш ЖМКлары чакыртылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Украина менен Улуу Британия Россиянын аскерлерин каралоо үчүн Сумская облусунда чагым даярдап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргонуу башкармалыгы улуттук борборунун жетекчиси Михаил Мизинцевдин айтымына таянып кабарлады.
"РФтин Куралдуу күчтөрүн Украинанын калкына аёосуз мамиле жасап жатат деп каралоо үчүн Сумская облусунда жаңы чагымчылык даярдалууда. Аны Улуу Британиянын атайын кызматтарынын жетекчилиги менен Киев режими жасап жатат", — деген генерал-полковник.
Анын айтымында, буга чейин Россия аскерлеринин көзөмөлүндө турган Середина-Буда шаарына Украина өкүлдөрү жана жасалма сюжет тартуу үчүн Батыш ЖМКлары чакыртылган. Провокацияны жергиликтүү калк менен чыныгы күбөлөр билип калбаш үчүн шаарга комменданттык саат киргизилген.
"Үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө сөөктөрдү ташып жатышат. Алар Россия армиясынын кезектеги курмандыктары катары көрсөтүлөт. Британия "режиссёрлорунун" сценарийи боюнча, сыягы Россиянын аскерлери кетип жатып жай тургундардын баарын өлтүргөн", — деген Мизинцев.
Ал Европадагы экономикалык кризистин фонунда Батыштын ЖМКлары жакын арада бул фейкти тарата баштаарын кошумчалады.
"Россиянын аскерлери бул калк жашаган аймактан үч жума мурда, 20-мартта, чыгып кеткен", — деген генерал-полковник.
Мизинцев элге психологиялык-маалыматтык таасир калтыруу үчүн Украинанын аймагында учурда эл аралык адистердин бүтүндөй бир түйүнү иштеп жатканын белгилеген. Алар ыплас, жасалма сценарийлерди ойлоп таап, аны ишке ашыруу менен алек.
Буга чейин Мизинцев улутчулдук топтогу согушкерлер Авдеевка шаарында жашаган тургундарды уулуу химиялык зат менен жапырт ууландырып, адамдык касиетке сыйгыс чагымчылык уюштурууга толугу менен даярданышканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Террорчудан ашып түштү..." Украиналык күч органдары эмнеси менен айырмаланды?