Бишкектеги катуу шамалда дарак кулап, автоунааны басып калды. Видео

Мэрия шамалдын кесепети тууралуу кабарлоо үчүн номерлерин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте кечке жуук болгон катуу шамалда жолдун четиндеги дарак кулап, жеңил автоунааны басып калды.
Жеринен тартылган кадрларды күбөлөр социалдык тармактарга жарыялап жатат.
Борбор калаанын мэриясынын маалымат кызматы дарак кулаган жерде "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын билдирди. Окуя Фатьянов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Мэрия шамалдын кесепетинен дарактардын кулашына күбө болгон жарандарды "Бишкек жашыл чарбанын" 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана мэриянын күнү-түнү иштечү 1840 жана 1850 номериндеги Call-борборуна кайрылууну сунуштады. Ошондой эле сүрөт, видео фактыларды 0554 18 21 85 WhatsApp номерине жөнөтсө болот.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жеткен катуу шамал болорун эскерткен болчу.
Бишкек менен Ош шаардык кеңешинин депутаттары отурган буска бак кулады. Видео