Маршруткачылардын жаңжалынан улам мэрия №260 каттамды өзүнө өткөрүп алды

Буга айдоочулар менен жетекчиликтин тынымсыз чырдаша берип, каттамды үзгүлтүккө учуратканы себеп болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн айдоочулары жумушка чыкпай койгон №260 каттамды өз балансына өткөрүп алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, шаардык Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти каттамга ээлик кылган "Талкут" фирмасы менен келишимди бузду. Буга айдоочулар менен фирма жетекчилигинин ортосунда тынымсыз жаңжал чыгып, анын кесепетинен каттам токтоп калып жатканы себеп болгон.
"Департаментке айдоочуларга басым жасалып, иштетпей жатат деген маалымат түшкөн. Адистер жерине барганда бир дагы айдоочу жок болуп чыкты. Ошол эле учурда 30га чукул айдоочу департаментке келип, каттамды мэриянын "Бишкек жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасына" өткөрүүнү талап кылышты. Жагдайды дыкат аныктоо үчүн "Талкут" фирмасынын жетекчиси Майрамбек Жекшенов да чакыртылды. Бирок айдоочулар сүйлөшүүдөн баш тартып, бир мунасага келе алышкан жок", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам шаардыктарды тез арада транспорт менен камсыздоо үчүн фирма менен келишимди жокко чыгарып, №260 каттамды муниципалдык ишканага өткөрүп алуу чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Бишкекте №260 маршруттук каттамдын айдоочулары жумушка чыкпай коюп, шаардыктар кыйынчылыкка кептелген. Аталган каттамды ишке ашырган "Талкут" фирмасынын директору Майрамбек Жекшенов айдоочулардын бир тобу ишке чыккандарды уруп, коркутуп артка кайтарып жатканын айткан.
Бишкекте эки маршруттук линия өзгөтүлдү