Актёр Уилл Смиттен "Оскар" сыйлыгын кайтарып берүүнү талап кылып жатышат

Буга чейин АКШнын Киноакадемиясы Голливуд жылдызы Уилл Смитке алардын иш-чараларына катышууга 10 жылга тыюу салган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Алып баруучуну жаакка чапкан Голливуд жылдызы Уилл Смиттен "Оскар" сыйлыгын кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу Variety басылмасы жазып чыкты.
"Киноакадемиянын мүчөсү Гарри Ленникс актёрдон быйыл ээ болгон "Оскар" сыйлыгын кайтарып берүүсүн талап кылууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, соңку "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде ал сахнага чыгып, алып баруучу Крис Рокту жубайы тууралуу орунсуз тамаша кылганы үчүн бетке чаап жиберген. Ушул эле аземде актёрго "Король Ричард" тасмасындагы башкы ролу үчүн сыйлык тапшырылган. Сыйлыкты алып жатып, ал жасаган кылыгы үчүн коноктордон кечирим сураган.
Көп өтпөй АКШнын Киноакадемиясы Голливуд жылдызы Уилл Смитке алардын иш-чараларына катышууга 10 жылга тыюу салып, актёр бул чечимди "түшүнүү менен кабыл алып, сый мамиле кыларын" билдирген. Буга чейин Смит өз демилгеси менен киноакадемиктердин катарынан чыгып кеткен.
Быйыл "Оскар" сыйлыгы кимдерге буюрду? Тизме