БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Таш-Көмүр, Кара-Балта жана Токтогул шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы боюнча утулган партия болгон жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык түрдө санаган урнанын маалыматтарын жарыялады. Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, добуштар кол менен да саналат.
АСУнун эсебинде ат салышкан партиялардын бардыгы жети пайыздык босого чектен өттү.
Кара-Балта шаардык кеңеши
Шаарда шайлоочулардын саны 30 968 болсо, 10 926 (35,28 пайыз) киши добуш берди. Жараксыз деп 98 бюллетень табылган.
Партиялар алган добуштардын саны:
"Ишеним" — 23,66 пайыз;
"Күчтүү коом" — 19,73;
"Социал-демократтар" — 16,90;
"Ыйман нуру" — 14,26;
"Альянс" — 13,99;
"Эл аман" — 9,09;
баарына каршы — 1,46 пайыз.
Таш-Көмүр шаардык кеңеши
Калаада шайлоочулардын саны 24 889 болгону менен 7 703 (30,95 пайыз) адам гана добуш берүүгө катышты. 43 бюллетень (0,56 пайыз) жараксыз деп табылган.
Партиялар канча добуш алды:
"Жаштар" — 45,35 пайыз;
"Ата-Журт Кыргызстан" — 38,50;
"Ынтымак" — 14,62;
баарына каршы — 0,97 пайыз.
Токтогул шаардык кеңеши
Шаарда 12 991 адам добуш берүү укугуна ээ. Шайлоого 4 645 (35,76 пайыз) адам келди. 29 бюллетень (0,62 пайыз) жараксыз болуп калган.
Канча партия канча добуш алды:
"Ата-Журт Кыргызстан" — 18,47 пайыз;
"Тынчтык" — 15,74;
"Ынтымак" — 15,05;
"Бирге" — 13,43;
"Мекен ынтымагы" — 12,70;
"Ишеним" — 11,80;
"Эл үмүтү" — 11,60;
баарына каршы — 0,58 пайыз.
Үч шаардык кеңешке жалпысынан 93 депутат шайланышы керек, 13 партиядан 827 талапкер катталган.