Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: атайын операция АКШнын үстөмдүк саясатына каршы багытталган

Сергей Лавров Буча менен Краматорскидеги провокацияларды чектен ашкандык жана акылга сыйгыс көрүнүш деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы АКШнын дүйнөгө толук үстөмдүк кылгысы келген саясатына каршы багытталган. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биздин атайын операция Кошмо Штаттардын жана аларга өнөктөш Батыш өлкөлөрүнүн дүйнө жүзүнө үстөмдүк кылгысы келген ойлонулбаган аракеттерине каршы багытталган. Эл аралык укукту одоно бузуу менен курулган үстөмдүккө алар мезгил-мезгили менен аракет кылып келишкен", — деди Лавров.
Ошондой эле Лавров Батыштын Москвага карата саясаты өтө агрессивдүү экенине токтолду.
"Бул — АКШнын жетекчилиги алдында Евробиримдик, негизи эле Батыш мамлекеттери жүргүзүп жаткан өтө одоно, агрессивдүү саясат. Бүгүн болуп жаткан көрүнүш Украинанын гана чечими эмес, Россияны толук тынчытуу үчүн Украинаны трамплин катары колдонууну туура көргөндөрдүн чечими", — деди министр.
Мындан ташкары, Лавров Буча менен Краматорскидеги провокацияларды чектен ашкандык жана акылга сыйгыс көрүнүш деп атады.
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы