Пакистанда миңдеген адам катышкан митинг өтүп жатат. Видео

Массалык акциялар өлкөнүн бардык ири шаарларында, анын ичинде Исламабадда да өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан менен анын "Техрик-и-Инсаф" партиясынын миңдеген тарапташтары саясатчыны колдоо үчүн көчөгө чыгышты. Бул тууралуу Dawn басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
Массалык акциялар өлкөнүн бардык ири шаарларында, анын ичинде Исламабадда да өткөн.
Эл митингге экс-премьердин билдирүүсүнөн кийин чыга баштаган.
Жакында эле Пакистандын парламенти премьер-министр Имран Ханга ишенбөөчүлүк көрсөткөн чечим чыгарып, аны 174 депутат колдогон.
Кийинчерээк Хан чет элдик кутумга каршы эркиндик үчүн күрөш башталганын жар салган. Буга чейин ал көз карандысыз ички саясат чет элдик державалардын, анын ичинде Вашингтондун кыжырын келтирип жатканын жана алар оппозициянын иш-аракетин каржылаганын айткан.
Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик департаменти Хандын "өкмөттү кулатуунун артында Вашингтон турат" деп айтканы чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Шайлоо

Бүгүн жаңы премьерди шайлоо болот. РИА Новости жазгандай, талапкерлигин коюуга документтерин Пакистандын оппозициялык мусулман лигасынын президенти Шехбаз Шариф жана мурдагы тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши койгон. Курешинин талапкерлигин башында Имран Хан турган "Техрик-и-Инсаф" партиясы колдогон. Жаңы премьердин талапкерлигине добуш берүү 11-апрелде саат 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 15:00) башталат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германия менен Италияда эл Россияны колдоп митингге чыкты. Видео