Кыргыз-казак чек арасынан автобустар өткөрүлбөй жатат

Бүгүн түндө саат 12:00дөн кийин кыргыз-казак чек арасы автоунаалар үчүн жол ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Казакстан чек арасына жүргүнчү ташыган автобустарды киргизбей жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына "Бишкек автобекети" мамлекеттик ишканасынын директору Темир Анаркулов билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн түндө саат 12:00дөн кийин кыргыз-казак чек арасы автоунаа үчүн ачылган.
Анаркуловдун айтымында, казак тарап кыргызстандыктарды жеке унаалары менен гана киргизүүдө. Жадагалса Россия, Өзбекстанга кетүүчү транзиттик автобустарды дагы өткөрбөй жатат.
"Түндө чек аранын ачылышына катыштык. Казак чек арачылары жеке унааларды гана өткөрөбүз, жүргүнчү ташыган транспортко, транзитке уруксат жок деп жатышат. Биздин Чек ара кызматына кайрылдык, алар да "бизге андай тапшырма берилген эмес" деди. Транспорт каттамын жандантуу демилгесин башында казак тарап көтөрүп, кат жөнөткөн болчу. Ага биздин Транспорт министрлиги 25-марттан тарта жанданталы деп жооп берген. Анан жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп 11-апрелге жылдырылган", — деди автобекеттин директору.
Ошондой эле ал автобекет да, жүргүнчү ташуучулар да каттамга чыгууга толугу менен даяр экенин белгилеп, чек аранын ачылышын гана күтүп жатканын билдирди.
Кыргыз-казак чек арасында жол ачылды