Чанаңды жайда камда! Жапаров көмүр кенчилер менен жолукту

Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кавак күрөң көмүр кенинде иштеген ишкана жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

2 / 3

Жапаров күз-кыш мезгилине чейин ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген

3 / 3

Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланган.

Жапаров күз-кыш мезгилине чейин ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген.
"Келерки кышка карата эртелеп даярданышыбыз керек, "чанаңды жайда камда" деген кеп бар. Калк үчүн көмүр жетишсиздиги жана анын сапатынын начардыгы деген маселелер жаралбай, аны ташууда үзгүлтүктөр болбошу керек. Калкыбыз, ЖЭБ жана бюджеттик уюмдар сапаттуу отун менен тийиштүү көлөмдө камсыз болууга тийиш", — деди Акылбек Жапаров.
Иш-чарада көмүр казуучу компаниялардын актуалдуу маселелери талкууланган.
Кеңешменин жыйынтыгында көмүр казуучу ишканаларга керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздоо жана көмүрдүн сапатын жакшыртуу максатында кыртыш ачуу иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Ошондой эле тармактык мамлекеттик органдарга көмүр казуучу ишканаларга атайы техниканы лизингге берүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
40% үлүшүн мамлекетке алыш керек. Депутат көмүр казган компаниялар тууралуу