Апта ирмеми: деңиз жээгинде чайынган кыздан талкаланган ракетага чейин

Перуда күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары, Тель-Авивдеги атышуулар жана Краматорскидеги ракеталык чабуул... Sputnik өткөн аптадагы эң маанилүү окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
1 / 19

Дармсаладагы "Өлүмдүн кудугу" аттракционунда шоу көрсөтүп жаткан мотоциклчен. Индия

2 / 19

Донецкидеги талкаланган имараттын алдында турган автоунаа

3 / 19

Балет мектебиндеги бийчи кыз машыгууга камданып жатат. Гавана, Куба

4 / 19

Лондон шаарындагы Эл аралык деңиз уюмунун имаратынын алдына чыккан активисттер. Алар деңизге желим буюмдардын ыргытылышына каршы болууда.

5 / 19

Бразилиядагы Terra Livre деп аталган нааразычылык лагериндеги аял

6 / 19

Тель-Авив шаарындагы теракт болгон бардын алдындагы полиция кызматкери. 7-апрель күнү бул жерде эки киши каза болуп, 12си жарадар болгон.

7 / 19

Улуу Британиянын ханзаадасы Чарльзга асыл тукум уйдун букасын көрсөтүп жатышат

8 / 19

Перуда күйүүчү майдын кымбатташынан улам нааразычылык акциясына чыккандар

9 / 19

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов сейил багында сейилдеп жүргөндөр

10 / 19

Көчөдө тамак жасап жаткан Мариуполь шаарынын тургундары

11 / 19

Жүзүм бактарын үшүктөн сактап калуу үчүн жагылган оттор, Франция

12 / 19

Актриса Аня Тейлор-Жой "Варяг" фильминин бет ачарында. Лондон, Улуу Британия

13 / 19

Сеул шаарындагы базардагы аялдар

14 / 19

Орозо айына карата таттууларды даярдоо үчүн вермишель тартып жаткан киши. Индия

15 / 19

Деңиз жээгинде душка түшүп жаткан кыз. Сидней, Австралия

16 / 19

Хермон курортунда муз тээ ойноп жаткан динчил еврейлер

17 / 19

Темир жолдун жанында кыйраган "Точка-У" ракетасынын сыныктары. Украина

18 / 19

Скопье зоопаркында туулган гиббон маймылынын баласы. Македония

19 / 19

BakaiBank Jaz Demi-2022 марафону Бишкек шаарында 10-апрель күнү өттү

Тема боюнча:
Жазгы маанайды көтөргөн күлүктөр. Бишкектеги жарыштан 15 сүрөт
Ажайып кооздук! Бишкекте гүлдөгөн жоогазындардын сүрөттөрү
Сулайман-Тоо жана турак жайлар. Ош шаарынын жазгы сүрөттөрү