БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиянын Сеченов университетинин медициналык энтомология бөлүмүнүн башчысы Людмила Ганушкина жаз жана жай мезгилинде кене менен чиркейлер инфекция таратарын эскертти. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Адистин айтымында, кене энцефалит жана боррелиоз ооруларын шарттайт.
"Кышкысын кене уктайт, кар эрип күн жылыганда курсагы ачып, ар кайсы жерлерди аралап кан сорот. Анан жумурткаларын таштап, көбөйөт. Кенени токойдон эле эмес, парктан да кездештирүүгө болот. Ошондуктан коопсуздук чараларын көрүп, этият болуш керек", — деген адис.
Мындан сырткары, чиркейлер безгек ооруларын тарата турганын билдирген. Бул вируска кабылган адам дене табы көтөрүлүп, калчылдап чыгат.