БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Улуу Британияда октябрда газ жана электр энергиясы үчүн төлөмдөр 50 пайызга өсүп кетиши мүмкүн. Мындай бүтүмгө Британия парламентинин общиналар палатасынын китепканасынын эксперттери келгенин RT жазды.
Докладда Англиянын банкынын акча саясаты боюнча комитети мартта эле баалар болжол менен 35 пайызга жогорулашы мүмкүндүгүн билдиргени айтылат.
"Башка серепчилер 50 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп божомолдоп жатат", — дешти аналитиктер.
Изилдөөнүн авторлору азыркы баалар эле калктын айрым катмарына кыйынчылык жаратып жатканын белгилеген. Мунун ичинде үйүн жылыта албаган жөнөкөй кожойкелер бар экени айтылат.
Британиянын эксперттери газ жана электр энергиясынын кымбатташына Россияга каршы санкциялар таасир этти деген жыйынтыкка келген.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан бери Батыш Москвага санкциялык басымын күчөттү. Адегенде чектөөлөр банк секторуна жана жогорку технологиядагы продукцияларды ташууга киргизилди. Европада Россиядан ташылган энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги байкалууда.