Күн катуу ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Дүйшөмбү күнү өлкөнүн түштүк регионунда күндүн табы 32 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында бул жумада күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй облусу

10-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт.
11-апрелде күн ачылып, бирок 12-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.

Талас облусу

10-11-апрелде күн ачык болот, 12-13-апрелде тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылды.
Ажайып кооздук! Бишкекте гүлдөгөн жоогазындардын сүрөттөрү

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

10-апрелден 12сине чейин асман ачык турат, ал эми 13-апрелде күндүз тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык жерлерде жаан жаабайт. Ошол бойдон 16-апрелге чейин күн ачык болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-апрелде кайра күн ачылат, бирок 13-апрелде күндүз тоолуу жерлерге кар түшөт. 14-15-апрелде кээ бир райондорго жамгыр жаайт. 16-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

10-апрелде кээ бир райондордо жамгыр жаайт. 11-12-апрелде күндүн көзү ачылып, ал эми 13-апрелде бийик тоолорго кар жаашы ыктымал. 14-15-апрелде кээ бир райондордо жамгыр жаайт. 16-апрелде жаан-чачын токтойт.
Адис тез өзгөргөн аба ырайы адамга кандай таасир этерин айтып берди