Радио

Аламанов: 54 дарыя, суунун сапаты илимий негизде текшерилди

Илимдер академиясына караштуу Муса Адышев атындагы Геология институтунун география бөлүмүнүн башчысы, география илимдеринин кандидаты Саламат Аламанов өлкө аймагындагы суунун сапаты текшерилгенин айтты.
Sputnik
Геология институтунун география бөлүмүнүн окумуштуулары тарабынан өлкөнүн жер жана сууну изилдөө, аны туура колдонуу боюнча акыркы үч жылдагы эмгеги жарык көрөт. Бул тууралуу Саламат Аламанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика аймагында миңдеген гектар жер колдонулбай, жер алдындагы суулардын абалы каралбай калган.
"География илиминде чечилбей жаткан абдан көп маселе бар. Анын көбү каражат маселесине барып такалат. Буга карабастан илимпоздор тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүлүп келет. Жер жана сууну изилдөө, аны туура колдонуу жаатында иштер бар. Мисалы, советтик мезгилде колхоздун бир гектар жери иштетилбей калса, башкармасы соттолчу. Учурда 50-100 миңдеген гектар жер колдонулбай турат деп айтылып жатат. Элди аралап, бул маселенин күнгөй-тескейин билгенде анын 20дай себеби бар экени белгилүү болду. Алсак, таштак, шор баскан, жер астынан суу чыккан жерлер бар. Чет элдик өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандын аймагындагы 54 дарыя, суунун сапаты текшерилди. Ар бир мезгилде суунун сапатынын өзгөрүшү изилденип, жакында жыйынтыгы белгилүү болот", — деди Аламанов.
Ошондой эле адис география тармагында адистерди даярдоого мамлекет тарабынан көңүл бурулса, илимдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.