Жалал-Абадда үч киши иске ууланып каза тапты

Алдын ала маалымат боюнча, алар Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада ууланышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда иске ууланып үч эркек каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, алар Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада ууланышкан.
Жерине ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган. Окуянын чоо-жайы жана каза болгондордун аты-жөнү такталууда.
Бостериде суу түтүгү соруп кеткен 18 жаштагы уландын өлүмү боюнча иш токтотулду