Россияда иштеген мигрант Садиев Кыргызстанга өзгөчө бизнес алып келген. Репортаж

Россияда иштеп келген Эрнист Садиев чогулткан акчасына Кыргызстанда биринчилерден болуп айдоочу автоунаасын өзү жууй турган жай ачкан. Ал бизнестин жаңы түрүн жайылтып, ошол эле учурда элдин да каражатын үнөмдөп жатат.
Sputnik
Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти. Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат.
Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт. "Атаандаштыктан коркпойм" деген ишкердин ийгиликтери менен бөлүшүүнү чечтик.
Садиев мындай жаңычылдыкты Ошко эки жыл мурун алып келип өздөштүргөн.
"Москвада жүргөндө автоунааларыбызды жуудурсак 700 рубль төлөчүбүз. Ал эми өзүн-өзү тейлөөчү жайларга кирип 100-200 рубль менен эле жууп чыкчубуз. Анан эмнеге бизде ушундай жайлар ачылган эмес деген ой келди. Москвадан өнөктөш таап, керектүү аппараттарды алардан сатып алып жатабыз", — деди Садиев.
Эрнист Садиев 2003-жылы катардагы кыргыз мигранттары сыяктуу эле Россияга иштегени барган. Санкт-Петербург жана Москва шаарларында тактай тилген заводдо, мал союучу жайда, жүк түшүрүп-жүктөөчү жана башка түрдүү кара жумуштарды жасаган. Ал эми алгачкы бизнеси бир кап күрүчтөн башталганын айтты.
1 / 3

Ишкердин бул сыяктуу машина жуучу жайларынын саны Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20га жетти

2 / 3

Бул жерге келген айдоочу аппаратка 50 же 100 сом салып унаасын жууп, тазалап кете алат

3 / 3

Ал мындай бизнес ачууну каалагандар үчүн унаа жуучу аппараттарын Россиядан алып келип берип орнотуу кызматтарын дагы көрсөтөт

"Бир жерде кыргыздар өзгөн күрүчүнүн бир килограммын 250 рублден сатчу. Анан мен баасын 200 рублге түшүрүп, 5 килограммдан жогору алгандарды жеткирип берип жаттым. Жарнамалык кагаздарды чыгарып метродо өтүп бараткан кыргыздарга таратчумун. Эт саткан жерде күнүнө 1500 рубль тапсам, жумуштан чыгып күрүч сатып да ошондой эле пайда көрчүмүн. Кийин мечиттердин алдына барып улуттук суусундуктарды сатып жүрдүм. Ал жерден кыргыздардын кафелерине өттүм. Алар менен азыркыга чейин иштешебиз", — деди ишкер.
Садиев эки уул, үч кыздын атасы. Ишкерликти бир туугандары менен биргеликте жүргүзөрүн белгиледи.
Венгрияда окуган Аида: Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү жолун изилдедим
Чүйдө жеке ишкер лифт чыгаруучу ишкана ачты. Сүрөттөр