Россиялык жаран учактан 8 миң евросун жоготуп, кыргыз бажычылары таап берди

Шектүү катары эки чет элдик жаран кармалып, аэропорттун милиция бөлүмүнө тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. "Манас" бажысынын кызматкерлери 7 900 евросун уурдатып алган Стамбул — Бишкек авиарейсинин жүргүнчүсүнө жардам беришти.
Россиянын Н. Д. Н. аттуу жараны Стамбулдан саат 6:35те келген. Ал "Манас" бажысы менен чек арачыларга кайрылып, аба кеменин бортунан ири суммадагы акчасын жоготуп алганын билдирген.
Бажычылар аэропорттун коопсуздук кызматына, милиционерлерге жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кабар беришкен. Бул рейс менен келген ар бир жүргүнчү дыкат текшерүүдөн өткөрүлгөн.

"Натыйжада аталган сумма табылган. Шектүү катары эки чет элдик жаран кармалып, аэропорттун милиция бөлүмүнө тапшырылды", — деди Мамлекеттик чек ара кызматынан.

Россиянын жараны ыкчам чара көргөн бажы кызматынын жана башка көзөмөл органдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Лейлектин тургуну кыргыз-казак чек арасынан 24 кг. баңгизат менен кармалды