Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Жапаров ЖККУ миссиясы менен Казакстанга барган кыргыз аскерлерин сыйлады

Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Коргоо министрлигинин № 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында ЖККУнун тынчтыкты орнотуу миссиясынын алкагында Казакстанга барып келген аскер кызматкерлерин сыйлоо болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Коргоо министрлигинин № 52806 аскер бөлүгүнүн аймагында ЖККУнун тынчтыкты орнотуу миссиясынын алкагында Казакстанга барып келген аскер кызматкерлерин сыйлоо болуп өттү

2 / 3

Аскерлер ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн курамында коңшу өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларын ийгиликтүү аткарганы белгиленген

3 / 3

Алар президент Садыр Жапаровдун атынан берилген баалуу белектер менен сыйланганы айтылды

Аскерлер ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн курамында коңшу өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларын ийгиликтүү аткарганы белгиленген.
Алар президент Садыр Жапаровдун атынан берилген баалуу белектер менен сыйланганы айтылды.
Белгилей кетсек, Казакстандагы январь окуясында 230 адам набыт болуп, 53 кишинин өлүмүнүн жагдайы такталууда. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан. Жалпысынан 4000 жоокер барган. Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Алар стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарып турган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда