Ажайып кооздук! Бишкекте гүлдөгөн жоогазындардын сүрөттөрү

Биздин фотокабарчыбыз борбор калааны кыдырып, апрель айындагы кооздукту кадрга түшүрүп келди.
Sputnik
Бишкектеги гүл өстүргөн жерлерде жоогазындар гүлүн ача баштады. Аларды былтыр күздө "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери отургузган болчу. Мэриянын маалыматына ылайык, шаарга 140 миң жоогазын отургузулган.
1 / 12

Жазгы гүлдөр шаардыктарды өзүнүн түркүн түстөрү менен кубандырат

2 / 12

Бишкекте 140 миң жоогазын гүлүн ачты

3 / 12

Жоогазындар гүлүн төккөндөн кийин анын башын этияттык менен алып кургатып сактап коюшат. Ал эми күздө аларды кайрадан отургузушат

4 / 12

Быйыл жоогазындардын саны 10 миң түпкө көбөйгөнү айтылды

5 / 12

Маданият министрлигинин жанындагы Чыңгыз Айтматов атындагы паркта жайгашкан гүл аянтчасы

6 / 12

Мэрия шаардыктарга кайрылып, гүлдөргө аяр мамиле кылууну суранды. Эгер аны уурдоого аракет кылып жаткандарды көрсө дароо милицияга кабар берүүнү өтүнөт

7 / 12

Гүлдөп турган Бишкекке суктанып жаткан шаардыктар жана коноктор

8 / 12

Бишкектеги гүл аянтчасынын айланасында ойноп жаткан балдар

9 / 12

Дал ушундай убакта сейилдөө жагымдуу маанай тартуулайт

10 / 12

Калаа тургундары гүлүн ачкан жоогазындарды Жаштар аллеясынан, Курманжан датканын эстелигинин айланасынан, "Театралдык" скверден жана Фрунзе, Ибраимов көчөлөрүнөн, Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен көрө алат

11 / 12

Соңку күндөрү Бишкекте аба ырайы 30 градуска чейин жылып жатат

12 / 12

Чыңгыз Айтматов атындагы паркта гүлдөгөн жоогазындар жана баласы менен жүргөн эне

Тема боюнча:
Сулайман-Тоо жана турак жайлар. Ош шаарынын жазгы сүрөттөрү
Күздө 75 жашка толмок... Марат Алышпаевдин сүрөттө калган ирмемдери
Апта ирмеми: Бангкогдогу жарык фестивалынан бодибилдер аялдарга чейин