Бейшеналиев менен Акрамов биргеликте көчөт отургузуп, маек курушту. Сүрөт

Ишембиликке оорукананын бардык түзүмдүк бөлүктөрү катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев профессор Эрнст Акрамов менен биргеликте Чүй облустук бириккен ооруканасынын аймагына көчөт отургузду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев профессор Эрнст Акрамов менен биргеликте Чүй облустук бириккен ооруканасынын аймагына көчөт отургузду
Ишембиликке оорукананын бардык түзүмдүк бөлүктөрү катышканы айтылды.
"Эрнст Хашимович Акрамов улгайып калганына карабай оорукананын айланасын тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чарасына катышты. Министр менен биргеликте карагайдын көчөтүн отургузуп, ошондой эле саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана жумуштары тууралуу сүйлөшүштү", — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата быйыл медициналык мекемелер "Биздин планета, биздин ден соолук" лозунгу менен өз аймактарын жашылдандырууда.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-мартта Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия жана реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан. Министр Акрамовду жумушуна байланыштуу ар кандай сөздөр менен сындап келген.
Депутаттар министр Бейшеналиевдин Акрамовдон кечирим сурашын талап кылды