Лейлектин тургуну кыргыз-казак чек арасынан 24 кг. баңгизат менен кармалды

Кылмышка шектүү жаран бүгүн, 9-апрелде, колго түшүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Россияга 24 килограмм баңгизат алып бара жаткан Лейлек районунун жашоочусу кыргыз-казак чек арасынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Россияга 24 килограмм баңгизат алып бара жаткан Лейлек районунун жашоочусу кыргыз-казак чек арасынан кармалды

2 / 2

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде Лейлек районунун тургуну өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бараткандыгы белгилүү болгон

Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түшкөн ыкчам маалыматтардын негизинде Лейлек районунун тургуну өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бараткандыгы белгилүү болгон.
Баткен милициясынын ыкчам кызматкерлери Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициянын, чек ара кызматкерлеринин жардамы менен 38 жаштагы жаранды 9-апрель күнү Казакстанга бараткан жеринен чек арадан кармашкан.
Текшерүүнүн алкагында 12 брикеттеги баңгизаттын салмагы 24 килограммды түзгөн.
Факты боюнча Баткен милициясы тарабынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткенде эки полковник 30 кг нашаа менен кармалганы айтылууда