Эки күндөн кийин 1-класска электрондук каттоо башталат. Бирок баарына эмес

Баланы 1-класска мектепке каттоо үчүн ата-эненин аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле система анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 11-апрелден тарта юридикалык жашаган жери боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат.
Билим берүү министрлигинин маалыматында, электрондук каттоо системасы саат 9:00дө иштеп баштайт. Юридикалык жери боюнча каттоо бул ата-энеси мектеп жайгашкан микроучастоктордо катталгандарга тиешелүү. Биринчи этап 27-июнга чейин созулуп, 27-июндан 10-августка чейин экинчи этап уланат. Анда юридикалык каттоосу башка жактагы ата-энелер (факт боюнча катталгандар) балдарын 1-класска мектепке каттайт.
Баланы мектепке каттоо үчүн ата-эненин бир системага аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунушталат. Ата-эне өзү жашаган жердеги эле мектепке бере алат. Эгер ага макул болбосо, экинчи этапты күтөт.
Белгилей кетсек, баланы 1-класска электрондук каттоо быйыл Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашат. Башкача айтканда, ата-энелер шаар, айылда жашаганына карабай баласын мектепке дал ушул система менен гана киргизе алат.
Электрондук каттоо боюнча кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Электрондук каттоо эми айылдарда да иштейт. Баланы 1-класска киргизүү боюнча маек