БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнө Москвадагы Бүткүл россиялык көргөзмө борборундагы (ВДНХ) "Кыргызстан" павильонунун ишмердүүлүгү боюнча презентация жасады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда "Кыргызстан" павильонун реконструкциялоо иштери аягына чыгып калды. Анда банктарды, Кыргызстандын транспорттук компанияларын тартуу менен ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн, туристтик компаниялардын экспортко багытталган товарларынын жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн үзгүлтүксүз өткөрүү пландаштырылууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге ВДНХдагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борборунун концепциясы көрсөтүлүп, ата мекендик компаниялардын өкүлдөрү павильондун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча өз ой-пикир, сунуштарын айтышты.
Москва шаарындагы "Кыргызстан" көргөзмө павильонунун экспозициясына катышууну каалаган ишкерлер +996 555 599 515 телефону аркылуу "Кыргыздипсервис"мамлекеттик ишканасына кайрылса болору айтылды.