Жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Сел жүрүү коркунучу түштүк аймактарда күч. Айрым райондордо кар көчкү да түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
8-апрелден 10-апрелге чейин абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын жаай турганы айтылат.
Ошондой эле 8-апрелден 12-апрелге чейин күндүн жылышына байланыштуу айрым жактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар:
Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;
Казарман — Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу;
Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу.
Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды