Пресс-борбор

Садыр Жапаров сөз кылган 42 чакырым темир жол. Ишкана иликтеп жатканын айтты

Март айынын соңунда президент социалдык тармакта "30 жылда биз темир жолдун бир метрин курбастан, тескерисинче, 42 чакырым рельсти кетирдик" деген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жакында эле президент Садыр Жапаров сөз кылган 42 чакырым темир жолду Кыргызстан кантип "жоготуп алганын" Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдес Анарбеков айтып берди.
Эске салсак, мамлекет башчы март айында социалдык тармактарда Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу тууралуу билдирүү жазган. Ал "30 жыл ичинде республикада бир метр темир жол курулбай, тескерисинче, 42 километр рельстен ажырап калганыбызды" айткан.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдес Анарбеков
"Учурда бул маселе боюнча инвентаризация жүрүп жатат, 1991-жылдан бери 30 жылдан ашык убакыт өттү. Чындыгында кирүүчү жолдор менчиктештирилип кеткен. Азыр архивдик документтерди чогултуп жатабыз, аларды "Кыргыз темир жолуна" кайтаруу иштери жүрүүдө", — деди Анарбеков.
Буга чейин брифингде мекеменин өкүлдөрү Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору азыр эмне болуп жатканын айтып берип, ага болжолдуу 4-5 миллиард доллар кетиши мүмкүн экенин билдиришкен.
Пресс-борбор
"Кыргыз темир жолунда" жетекчилик курам менен чыгым кыскарды