Депутат: Кыргызстанда казинону каражат тартыштыгынан улам ачуу сунушталууда

Бекешевдин айтымында, казиного кирүү паспорт же манжа изи менен жүргүзүлүшү керек. Мындай шартта бардык оюн-зоок жайларынын бирдиктүү электрондук реестри жүргүзүлүп, мамлекеттик органдар зарыл учурда оңой эле текшере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет элдиктер үчүн казино ачуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтты.
Бекешев казино ачуу же айнекти караңгылатууга уруксат берүү сыяктуу демилгелер өлкөдө ресурстун жетишсиздигинен жана бюджетке кошумча каражат тартуу булактарын издөөдөн улам чыгып жатканын белгиледи.
"Менин оюмча, казинолорду чет өлкөлүктөр үчүн иштетүү туура. Мен дайыма туристтерге казинодо ойноого уруксат берилген мусулман өлкөсү катары Малайзияны мисал кылам. Бул үчүн атайын кумар оюндарынын зоналары бар. Каалаган жерге казино курбаш керек, анткени биз кумар оюндарын ойноочу мекемелер биринчи кезекте кылмыштуу кирешелерди адалдоонун бир жолу экенин билебиз. Менимче, "Манас" аэропорту тарапта жана Ысык-Көлдө казино курса болот", — деди депутат.
Ал эми казинолорго Кыргызстандын жарандары "жылчык" таап албайбы деген суроого "каалагандар азыр деле ойноп жатышат" деп жооп берди.
"Бизде жашыруун да, онлайн да казинолор бар. Адамдар ага ар кандай жол менен ставкаларды коюшат. Ал эми бул иш мыйзам тарабынан жөнгө салынбайт. Менимче, канчалык көп тыюу салсак, ошончолук тезирээк өнүгүп, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө иштей берет", — деди парламентарий.
Бекешевдин айтымында, казиного кирүү паспорт же манжа изи менен жүргүзүлүшү керек. Мындай шартта бардык оюн-зоок жайларынын бирдиктүү электрондук реестри жүргүзүлүп, мамлекеттик органдар зарыл учурда оңой эле текшере алат.
Министрликтен казинону ким кайсы аймакта ача аларын айтып беришти