12 жылдык окуу качан башталары айтылды

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эгер 12 жылдык окууга өтүү чечими кабыл алынса, ал 2023-2024-окуу жылында башталышы ыктымал. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.

"Бала окууга алты жашынан баштап жана атайын даярдыгы жок эле кабыл алына баштайт. Балага өзүнүн курагына жараша сабактар өтүлөт. Мисалы, оюндар, жеңил көнүгүүлөр сыяктуу. Башкы максат — баланы социалдаштыруу", — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал программа иштелип жатканын кошумчалады.
Министрлик мектепте 12 жыл окуунун артыкчылыктарын тизмектеп берди