Бүтпөгөн бала бакча айылдыктарды мукуратты. Кара-Суудагы көйгөй качан чечилет?

Ош облусунун Кара-Суу районунда Талдык жана Алга-Бас айылдарында 3 600 киши жашайт. Бирок бир дагы бала бакча курулган эмес. Бул көйгөйдүү чечүү үчүн тургундар 2011-жылдан бери убара болуп келишет.
Sputnik
Эки айылды тейлөөчү бала бакчанын курулушу 2016-жылы башталган. Биринчи жылы фундаменти куюлуп, андан 5 жылдан кийин араң дубалы тургузулган. Ал эми үстү качан жабылары белгисиз.
Айылдыктар бала бакчанын курулушун быйыл толугу менен бүткөрүүнү суранууда.
1 / 3

Биринчи жылы фундаменти куюлуп, андан 5 жылдан кийин араң дубалы тургузулган

2 / 3

Ал эми үстү качан жабылары белгисиз

3 / 3

Айылдыктар бала бакчанын курулушун быйыл толугу менен бүткөрүүнү суранууда

Талдык айылында мугалим болуп иштеген Бурулай Бакирова бала бакча көйгөйү курч экенин белгиледи. Себеби жаштардын көбү миграцияда жүргөндүктөн балдары чоң ата, чоң энелеринин, туугандарынын колунда калат.
Талдык айылында мугалим болуп иштеген Бурулай Бакирова

"Ушул бала бакча маселеси боюнча 2011-жылы Роза Отунбаева президент кезинде кайрылганбыз. Акыры аз гана каражат бөлүнүп, 2016-жылы фундаменти куюлган. Анан былтыр күздө биринчи этажынын дубалы тургузулган. Биздин айылдан депутат же министр чыкса эртерээк бүтсө керек деп ойлойм. Себеби азыр Кыргызстанда ушундай болуп жатпайбы. Ансыз да азыр мектеп программасы бала бакчадан кийинкиге ыңгайлаштырылган. Байкуш 1-класстын мугалимдери аябай кыйналышат. Себеби мурдагы программа менен азыркысы эки бөлөк", — деди Бакирова.

Ошондой эле ал буга чейин жергиликтүү бийлик органдарынан Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин кайрылып келгенин кошумчалады.
Айылдык кеңештин депутаты Роза Султанбаева эки айылда бир дагы бала бакчанын жоктугу чоң көйгөй экенин белгиледи.
Айылдык кеңештин депутаты Роза Султанбаева

"Эгер быйыл дагы акча каражаты бөлүнбөй бала бакча ушул боюнча кала турган болсо, кышында дубалдары үшүк уруп кайра урай баштайт. Ошон үчүн быйылкыдан калтырбай бюджетке киргизип берсе эл үчүн жакшы болот эле. Айылыбыз бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын зонада жайгашкан. Кыш беш-алты айга созулуп, катуу суук болот. Андыктан курулуш иштерин октябрга чейин гана жүргүзүү мүмкүн", — деди Султанбаева.

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев быйыл күзгө чейин бүтүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.
"Быйыл 7 миллион сом (Финансы министрлиги — ред.) бөлүп атыптыр. Анан биз Жогорку Кеңештин депутаттарына, район жетекчилерине кайрылгандан кийин күздө бүтүрөбүз деп сөз берип жатышат. 7 миллион сом менен толук бүтүрө албайбыз, ошондуктан сметада каралган каражаттын баарын бөлдүрүү планы бар", — деди Жантөрөев.
Бул бала бакчаны курууга жалпы 29 миллион сом керектелет. Ал эки кабаттуу болуп салынып, 90 баланы кабыл алууга ылайыкташкан.
Ысык-Атада балдар айыл өкмөт, ЗАГС, бала бакчада окуп жатышат. Видео