Майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

Иш-чара Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алдында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык форум Бишкекте 26-27-майда өтөт. Бул тууралуу ЕЭКтеги Протокол жана уюштуруу департаментинин жетекчиси, форумга даярдык көрүү боюнча ыкчам штабдын башчысы Данияр Турусбеков билдирди.
Иш-чара Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алдында болот.
"Бардык мамлекеттер кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы менен жерин такташты. Учурда Кыргызстан менен комиссия иш-чарага даярдык көрүү маселелерин иштеп жатат", — деди Турусбеков.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгынын алдында уюштуруу комитетинин жыйыны өтүп, анда форумдун концепциясын бекитүү каралууда.
Кыргызстан быйыл ЕАЭБде төрага. Уюмда кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?