Диетолог этти туура сактоонун жолдорун айтып берди

Адис эт тоң бойдон сакталбаса сапаты бузула турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Этти сактоонун жолдору менен эндокринолог, нутрициолог, диетолог Алексей Калинчев ой бөлүштү. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Ал этти тоңдургучка дароо салуу керектигин, айрымдар жөн гана муздаткычка коюп коёрун айтты.
"Тоңдурулбай туруп калган эттин даамы бузулуп, витаминдери азаят. Ошондой эле тоңдурулган этти тамак жасаарда туура жибитүү керек. Айрымдар микротолкундуу мешке салып заматта музун эритет, бул дагы сапатын бузат. Эт өзү шашпай эригени оң", — деди диетолог.
Ошондой эле адис этти сатып алып жатканда туура жана таза сакталганына көңүл буруу керектигин айткан.
Ракты чакырышы ыктымал. Диетолог тез даярдалган кесменин кооптуулугун айтты