Бишкекте жоогазындар гүл ача баштады. Сүрөттөр

Клумбаларда жалпысынан түркүн түстүү 140 миң жоогазын өсүп чыккан. Ал эми былтыр 130 миң түп айдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте клумбаларга тигилген жоогазындар гүлдөй баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Бишкекте клумбаларга тигилген жоогазындар гүлдөй баштады

2 / 4

Гүлдөрдү былтыр күзүндө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдаган

3 / 4

Клумбаларда жалпысынан түркүн түстүү 140 миң жоогазын өсүп чыккан. Ал эми былтыр 130 миң түп айдалган.

4 / 4

Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайра отургузулат.

Гүлдөрдү былтыр күзүндө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери айдаган.
Клумбаларда жалпысынан түркүн түстүү 140 миң жоогазын өсүп чыккан. Ал эми былтыр 130 миң түп айдалган.
Жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин түбү казып алынып, кургатылып, күзүндө кайра отургузулат.
Мэрия шаардыктарды гүлдөргө аяр мамиле жасоону, эгер уурдагандарды көргөндөр болсо 102 номерине кабарлап коюуну өтүндү.
Айлана жашылданып, бак-дарак гүлүн ачууда. Сулайман-Тоонун суктанткан жазы видеодо