Бишкекте айдоочу сүзүп кетип көз жумган кыздын аты-жөнү такталды

Кечээ мас айдоочу башка бир унааны сүзүп, анан жолдогу кызды койдуруп, андан ары мамыны сүзүп токтогон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте айдоочу сүзүп кеткен кыз ооруканадан көз жумган. Ал Талас шаарынын 1995-жылы туулган М.Р. аттуу тургуну болгон. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле милиция кызды сүзүп кеткен айдоочу В.Т. эки суткага убактылуу кармоо жайына киргизилгенин кабарлады.
Кечээ, 7-апрелде, эртең менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Opel Astra үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Биринчи автоунаа кырсык болгон жерден из жашырып баратып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл жарыгына токтобой жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Айдоочу андан ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Милициянын маалыматында, 27 жаштагы киши мас болгон.
Жабыркаган кыз өтө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ооруканада үзүлгөн.
Бишкекте эки жеңил автоунаа кагышып, төрт адам жабыркады