35 жаштан өйдө курактагылардын аптечкасында эмне болушу зарыл

Фармакологдун айтымында, эгерде жүрөк-кан тамыр оорулары болбосо, 18 жашка чейинкилерге да тонометр керек эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Тонометр курагы 35 жаштан өйдө болгон ар бир кишинин аптечкасында болушу зарыл. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин клиникалык башкы фармакологу Марина Журавлева айтканын РИА Новости жазды.
"Үйдө ар кыл курактагы адамдар бар. Мүмкүн болушунча тонометр, термометр алып коюш керек. Негизи 35 жаштан өйдөлөй баштаганда тонометр ашыктык кылбайт. Кан басым көтөрүлүп же түшүп кеткендигин так билип, көзөмөлдөп туруш үчүн керек болот. Мында өйдө же ылдый экенин билип, себебин ошого жараша издеген жеңил. Мисалы, 25 жаштагы адамдын кан басымы жогорулап, капыстан оорудан шек санап калса дарыгерге токтоосуз кайрылуусу шарт. Медик оорунун себебин, эмнеден болуп жатканын аныктап, кан басымды көзөмөлгө дайыма алуунун зарылдыгы бар же жоктугун, тагыраагы, жогоруда биз айткан аппараттын керек же ашыкча экендигин айтат. Ал эми 35 жаштан жогоркулардын жанында бул аппарат болушу лаазым", — деген Журавлева.
Фармакологдун айтымында, эгерде жүрөк-кан тамыр оорулары болбосо, 18 жашка чейинкилерге да тонометр керек эмес. Бирок өспүрүм куракта, организм жетилип жаткан мезгилде алардын кан тамырларынын тонусу өзгөрүп турушу мүмкүн. Дарыгер эгерде бала тез өсүп жатса же кандайдыр бир эмоция коштогон окуяларга туш келип, көп ойлоно баштаса, аны узак мөөнөттө дары-дармек колдонуп дарылоо керек дегендин кереги жок экендигин кошумчалады.
Кан басымы жогорулар кандай балыкты жеши керек. Адистин кеңеши