Жума күнгө карата аба ырайы

8-апрелден 12-апрелге чейин тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Айрым жерлерде жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 7-апрелден 10-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
8-апрелде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +20...+25, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +24...+26, Ош шаарында +28...+30 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.
Радио
Абакирова: "Жаз Деми – 2022" жарышында балдарга угуучу аппарат алып беребиз