Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко Украинадан жарандарын чыгаруу үчүн операция жүргүзүлгөнүн билдирди

Украинада бир жарым миң вагон жана жүздөй фура айдоочулары менен камакка алынган. Беларустун күч түзүмдөрү аларды куткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Беларусь Украинадан жарандарын чыгаруу үчүн атайын операция жүргүздү. Бул тууралуу президент Александр Лукашенко билдиргенин Sputnik Беларусь агенттиги жазды.
Лукашенконун айтымында, Украинада бир жарым миң вагон жана жүздөй фура айдоочулары менен камакка алынган. Беларустун лидери Минск Киевге мындай кадамдардын кесепети болорун эскерткенин белгилеген. Натыйжада күч түзүмдөрү жарандарды чыгаруу боюнча операция жүргүзүүгө аргасыз болгонун айткан.
Президент оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын куткаргандарды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү тапшырган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусту колдоо жана биолаборатория. Песковдун билдирүүсү