Айдарбеков Россия элчиси менен жолугуп, автоунаа каттамын ачууну сунуштады

Депутат чектөөлөрдүн алынышы эки өлкөнүн ортосундагы чоң туристтик потенциалды ишке ашырууга шарт түзөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Россия тараптын үзгүлтүксүз аба каттамдарына коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттайм. Аны менен катар Россияга автоунаа жана темир жол аркылуу кирүү маселесин кароону сунуштайм. Кыргызстан туристтер үчүн ачык жана чектөөлөрдүн алынышы эки өлкөнүн ортосундагы чоң туристтик потенциалды ишке ашырууга шарт түзөт", — деди Айдарбеков.
Мындан тышкары, депутат кыргызстандыктар үчүн миграциялык талаптарды жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, 2022-жылы кезектеги "миграциялык мунапысты" өткөрүү жана Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.
Өз кезегинде элчи Россия Кыргызстан менен көп тармактуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдай берерин баса белгилеген.
Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык комиссиясынын жыйынын, парламенттик достук топторунун отурумун жана Кыргызстанда тиешелүү комитеттердин биргелешкен жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашкан.
Казакстан 11-апрелден тарта чек арадагы чектөөлөрдү алат