БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Футбол боюнча эл аралык федерация (FIFA) матч учурунда компенсация кылып берилген убакытты дагы көбөйтүү варианттарын карап жатат. Бул туурасында Corriere dello Sport басылмасы жазган.
Кабарда бул идеяны аталган уюмдун башчысы Италияга барган сапары учурунда талкуулаганы айтылды.
Жаңы эрежелер боюнча, оюндагы биринчи жана экинчи таймга компенсация кылынган убакытты арбыныраак кылуу пландалууда. Оюн учурдагы бир катар кырдаалдарда кошумча убакытты да эсептегенде жалпысынан 100 мүнөттөн ашары айтылган. Киргизилген бул жаңы өзгөрүүнүн жакында Катарда өтө турган Футбол боюнча дүйнө чемпионатында колдонулушу мүмкүн дешти. Бирок бул үчүн Футбол боюнча эл аралык ассаоциациянын (IFAB) жактырып, колдоосу керек.
Катардагы чемпионат 21-ноябрда башталып, 18-декабрда аяктайт.
Азыр ар бир матч 45 мүнөттөн эки тайм болуп, 90 мүнөт ойнолот. Таймдар арасындагы дем ала турган аралык 15 мүнөттөн турат. Арбитр компенсациялык мөөнөттү 0 дөн 10 минутага чейин берет.