Экономика министринин эки орун басары алмашты. Ким кетип, ким келди?

Урустемов бул кызматты 2021-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген, ал эми Алишеров төрт жылдан бери иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Экономика жана коммерция министринин эки орун басары алмашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов кызматтан алынып, анын ордуна Чоро Сейитов дайындалды.
Дагы бир орун басары Элдар Алишеров жумуштан бошотулуп, анын ордуна Вероника Исаева келген.
Тийиштүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Аларды эмгек жамаатка өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырган.
Урустемов бул кызматты 2021-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген, ал эми Алишеров төрт жылдан бери иштеп жаткан.
Чоро Сейитов буга чейин Улуттук банкта "Экономикалык изилдөөлөр борбору" тобунда эксперт болуп иштеген.
Вероника Исаева өнөр жай тармагында жеке ишкерлик менен алектенген. 24-январга чейин Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин өнөр жай коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп бир жыл иштеген.
"5 орун басарды эмне кыласыз?". Министрлердин канча жандоочусу бар. Тизме