БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкекте Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жолдо өтүп бараткан кызды сүзүп, жабырлануучу ооруканадан үзүлдү. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 7-апрелде, эртең менен Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Opel Astra үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Биринчи автоунаа кырсык болгон жерден из жашырып баратып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл жарыгына токтобой жолдон өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Милициянын маалыматында 27 жаштагы айдоочу мас абалында болгон.
Жабыркаган кыз өтө оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилип, ооруканадан үзүлгөн. Маалым болгондой, ал 26 жашта эле.