Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Бучадагы провокация — санкция жарыялоого шылтоо

Мария Захарова белгилегендей, Вашингтон, Лондон жана Брюссель Украинанын шаарында болуп өткөн сыяктуу провокацияларды каржылап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украинанын Буча шаарындагы провокация Россияга каршы алдын ала даярдалган санкциялардын пакетине шылтоо катары жасалган нерсе. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Албетте, бул — фейк жана сценарий, алдын ала даярдалган санкциялар пакетин, анын ичинде бир катар Батыш өлкөлөрүнөн россиялык дипломаттарды кеңири масштабда кууп чыгуу үчүн шылтоо. Киев сүйлөшүүлөрдү толугу менен үзгүлтүккө учуратууну көздөйт”, — деди Захарова.

Анын айтымында, батыштык, биринчи кезекте америкалык ЖМКлар фейк жана дезинформацияны жөн гана таратпастан, Бучадагы кылмышка аралаш болуп калышты. Захарова Россия тараптын күнөөсүздүгүн тастыктаган жетиштүү далилдер бар экенин, бирок Киевдин айыптоолорун жана Батыштын чалгындоо кызматтарынын Бучада болгонун тактап алуу керектигин айтты.
Ал белгилегендей, Вашингтон, Лондон жана Брюссель Украинанын шаарында болуп өткөн сыяктуу провокацияларды каржылап жатат.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү дагы эмне деди:
Россия аскерлери Украинадагы атайын операция учурунда карапайым калк жабыркабаш үчүн бардыгын жасоодо;
орус туткундарын кыйноого катышкандардын баары табылып, жоопко тартылат;
YouTube Россиянын Тышкы иштер министрлигинин брифингин көрүүгө тыюу салуу менен эрежелерди жапайычылык менен бузду;
Москва Google менен YouTube компанияларын цензурасын токтотууга үндөйт;
Батыш маалымат каражаттарында украиналык неонацисттердин аракеттери тууралуу эч кандай маалымат жок, бул маалыматтык геноцид.
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы