Нуржигит Кадырбеков үй-бүлөгө даярдоо курстарын ачууну сунуштады

Эл өкүлү мектепке адеп, ыйман сабагын киргизип, үй-бүлөгө даярдоо боюнча да окутууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Билим берүү жана илим министрлигине үй-бүлөгө даярдык курстарын ачуу тапшырмасын берди.
Эл өкүлү башкы прокурор Кыргызстанда бир жылдын ичинде 10 151 жолу үй-бүлөлүк зомбулук болгону тууралуу айтканын белгиледи. Анын ичинен 311и эркектерге карата жасалган зомбулук.
"Ушул багытта системалуу түрдө иштеш керек. Кризистик борборлор түзүлүп жатат, эми кризис деген кризис да. Аны бакыт же чечим борбору дейбизби, башкача кылып түзсөк. Анан мектепке адеп, ыйман сабагын киргизип, үй-бүлөгө даярдоо боюнча окуу методикалык комплексин иштеп чыгыш керек. Менталдык арифметика, тил курстары сыяктуу эле үй-бүлөгө даярдык курстарын уюштуруш керек окшойт. Ошону Билим берүү жана илим министрлигине протоколдук тапшырма берип койсок", — деди Кадырбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов ЖКнын аппарат кызматкерлерине протоколдук тапшырма даярдоону буйруду.
Радио
Турдубекова: бала кордолбошу үчүн ата-эненин билимин жогорулатуу керек