Жыныстык катнашка каалоо төмөндөйт. Уролог простатиттин белгилерин тизмектеди

Дарыгер эркектер бел суусу бат бүтүп калуу көйгөйү менен да көп жабыркап жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башкы окутуучусу, доцент Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде простатит оорусунун белгилерин санап берди.
"Бейтап бат-бат заара ушатып, түнкүсүн дааратканага көп барып, заарасы тамчылап аз-аздан чыгып калат. Чаттын айланасы жана заара кылуу учурунда табарсык ооруп, жыныстык катнашка болгон каалоо төмөндөп, бел суу жана заара толугу менен чыкпай калгандай сезим болот. Бул учурда сөзсүз урологго кайрылуу зарыл. Мурда сексуалдык көйгөй эркектерде 50 жаштан кийин башталса, азыр 20-30 жаштагы жигиттердин да бел кубаты төмөндөп, импотенцияга чалдыгууда", — деди медик.
Дарыгер эркектер бел суусу бат бүтүп калуу көйгөйү менен да көп жабыркап жатканын белгилеп, простатит тукумсуздукка алып келүү боюнча 2-орунда турарын кошумчалаган. Ал эркектерге бир жылда бир жолу керектүү анализдерди тапшырып турууну сунуштаган.
Урологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан сайтынан окуй аласыздар.
Сексолог эркектер үчүн кооптуу делген азыктарды тизмектеди