БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ошко Түркиянын эки шаарынан каттамдар ачыларын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каттамдар Түркиянын Даламан жана Анталья шаарларынан "Ош" эл аралык аэропортуна түз каттайт.
"Авиакаттамдар "Пегасус" авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы", — деп айтылат маалыматта.
"Анталья — Ош — Анталья" багыты боюнча каттам 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалууда;
"Даламан — Ош — Даламан" багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу мерчемделип жатканы айтылды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.