Кумтөр жана чек араларды ачуу. Жапаров менен Токаев телефондон сүйлөштү

Тараптар алдыдагы мааракелик дата — эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Токаев Жапаровду Centerra компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктаган. Жапаров ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгилеген.
"Кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлду. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыкка жетишүү мүмкүн болду", — деп билдирген Жапаров.
Тараптар алдыдагы мааракелик дата — эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан.
Президенттер 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана Евразия экономикалык форумунун алкагында Токаевдин Кыргызстанга сапарын макулдашкан.
Ошону менен катар Садыр Жапаров Казакстандын чек арасын Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына чечүүнү өтүнгөн. Ал эми Токаев тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирген.
Мындан 20 жыл мурда эле болчу окуя жүзөгө ашты. Садыр Жапаровдун кайрылуусу