Элчилик: Россияда баңги кылмышына аралашкан кыргызстандыктар көбөйдү

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөндөр Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россияда соңку жылдары кыргызстандыктардын арасында баңгизатты сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
РФ Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган Кыргызстандын 224 жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы 151 жаранына карата 191 кылмыш иши ачылган.
“Россиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында мындай ишке аралашарын айтат. Бирок кыргызстандыктардын арасында билбестиктен кылмыштуу аракеттерге баргандар бар”, — деп деп жазылат билдирүүдө.
Мындан улам элчилик кыргызстандыктарга ар бир кадамын терең ойлонуп жасап, кылмыштын артында сөзсүз жаза болорун эскертет.
Белгилей кетсек, баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөндөр Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылат.
Ошондой эле элчилик абактагылардын көбү 16 жаштан 30 жашка чейинкилер экенин билдирет.
Баткенде эки полковник 30 кг нашаа менен кармалганы айтылууда