Бак тигип, вакцина алып кетиңиз. Министрлик бүгүн элди "Ынтымакка" чакырды

Акция учурунда каалагандар ВИЧ боюнча экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин текшерип, медициналык биринчи жардам көрсөткөндү үйрөнүп, ал тургай COVID-19га каршы вакцина алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн саат 11:00дө "Ынтымак" паркында көчөт тигүү акциясы өтөт. Саламаттык сактоо министрлиги журналисттер менен шаардыктарды аталган акцияга келип, бак отургузууга чакырды.
Иш-чара Саламаттык сактоонун дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүүдө. Бак отургузуу менен жылына 13 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен экологиялык көйгөйлөргө коомчулукту көңүл бурууга чакырык таштоо максаты коюлган.
"Мындан улам журналист кесиптештерди жана борбор калаанын тургундарын аталган акцияга катышууга чакырабыз. Саат 10:00дөн 12:00гө чейин каалаган ар бир киши келип бак отургузса болот", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Акция учурунда каалаган жарандар ВИЧ боюнча экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин текшерип, сергек жашоо образы боюнча кеп-кеңеш угуп, медициналык биринчи жардам көрсөткөндү үйрөнүп, ал тургай COVID-19га каршы вакцина алса болот.
Бул иш-чарага Кыргызстандагы бир катар министрликтер менен ведомстволордун, саламаттык сактоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик элчиликтердин кызматкерлери да чакырылган.
Акысыз текшерилгиле! Мобилдик клиника Түптө иштей баштады